Салык кызматында ачык эшик күнү уюштурулуп, 80ден ашуун студент катышты

Коом 20 июнь 2025 17:14
DSC07778.jpg
DSC07805.jpg
DSC07864.jpg
DSC07750.jpg
DSC07737.jpg
DSC07723.jpg
DSC07716.jpg
Алдыга
Артка
DSC07778.jpg
DSC07805.jpg
DSC07864.jpg
DSC07750.jpg
DSC07737.jpg
DSC07723.jpg
DSC07716.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ачык эшик күндөрү уюштурулду.

Ведомстводон маалымдашкандай, ага 80ден ашуун студенттер жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты.

Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков катышып, салык кызматынын ишмердүүлүгү, негизги милдеттери, өнүгүү багыттары жана санариптештирүү тармагындагы артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берди.

Салык кызматындагы карьералык мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. Студенттерге жумушка орношуу тартиби, керектүү компетенциялар жана кадрларды кабыл алуудагы ачык-айкындуулук принциптери тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуу интерактивдүү форматта өтүп, студенттер активдүү катышышты. Иш-чаранын жыйынтыгында интеллектуалдык викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө ыраазычылык каттары тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ачык эшиктер күнү жаштар арасында салыктык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган.