Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматында банк секторунун жана Кыргызстан банктар бирикмесинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө салык мыйзамдарына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөр, ошондой эле “Транзакцияга салык” атайын салык режими боюнча маселелер талкууланды. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы мыйзамына ылайык, аталган салыктын ставкасын 0,2 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүү демилгеси каралды.
Мындан тышкары, транзакцияга салыкты башкаруу процесстерин автоматташтыруу жана мамлекеттик органдар менен банктардын ортосундагы өз ара аракеттенүүчү кызматтарды киргизүү боюнча биргелешкен иш алып баруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эске салсак, учурдагы салык мыйзамдарына ылайык, эсеп ачылган банк транзакция жүргүзүлгөн учурда салык агенти катары “Транзакцияга салыкты” кармап калып, аны бюджетке которот.
Белгилей кетсек, транзакцияларды жүзөгө ашырган субъекттер “Транзакцияга салык” атайын салык режимин гана колдонууга укуктуу. Бул режимди колдонуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле транзакциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр атайын салык режимин колдонуу тууралуу арызды 2026-жылдын 1-февралына чейин өздөрү катталган аймактагы салык органына тапшырууга милдеттүү.