Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы турак жайды сатуудагы мыйзам бузуулар тууралуу кабарлоого чакырат.
Ведомстводон билдиришкендей, акыркы убактарда курулуш компаниялары мыйзам бузуулар менен жеке жактарга батирлерди саткан учурлар көбөйүүдө.
Тактап айтканда:
-сатып алуучуларга турак жайга менчик укугун тастыктаган укук белгилөөчү документтер берилбейт (сатып алуу-сатуу келишими, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы, менчик укугу жөнүндө күбөлүк ж. б.);
– турак жайлар иш жүзүндө жашоого берилген, бирок расмий колдонууга берилген эмес;
– батир сатуу боюнча келишимдер мыйзамда каралган тартипте катталбайт, бул жарандар үчүн тобокелдиктерди жана куруучулардын ишмердүүлүгүнө салык төлөөдө тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Бул фактылар атайылап салык төлөөдөн качуу механизми бар экенин көрсөтүп турат, ошондой эле турак жайга төлөө менен мыйзамдуу түрдө таризделген менчик укугу жок калган сатып алуучулардын мыйзамдуу укуктарына коркунуч келтириши мүмкүн.
Жарандардын укуктарын коргоо жана курулуш тармагындагы ачык-айкын келишимди түзүүнү камсыз кылуу максатында Салык кызматы батир ээлери менен жашоочулардан мындай учурлар тууралуу кабарлоону өтүнөт.
Эгерде сиз батирде үч айдан ашык жашап жатсаңыз, бирок үй расмий колдонууга берилбесе жана турак-жайга менчик укугун тастыктаган документтерди ала элек болсоңуз, анда бул тууралуу Салык кызматына кабарлаңыз.
Бул үчүн WhatsApp мессенджери аркылуу төмөнкү номерге жазыңыз: +996 503 49-12-33:
– эркин формадагы кыска билдирүү,
– колуңузда бар документтердин скан-көчүрмөлөрү же сүрөттөрү (келишимдер, квитанциялар, кат алышуулар, кабыл алуу-тапшыруу актысы ж.б.)
Ар бир кайрылуу курулуш тармагындагы мыйзамсыз иштерди аныктоого жана токтотууга, мыйзам бузууларды жоюуга, батир ээлеринин укуктарын коргоого жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү камсыздоого жардам берет.