Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы санариптештирүүгө өтүүнү өнүктүрүү жана жакшыртуу багытында тынымсыз иш алып барууда. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов бүгүн "Биринчи радионун" түз эфириндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда техникалык жабдууларды жаңылоо жана жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.
“Эң биринчи бизде "ИСНАК" деген чоң система ишке киргизилген. Андан бери салык төлөөчүнүн жеке кабинети сыяктуу бир катар чоң системалар ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан тышкары сервердик техникалык жабдууларды модернизациялоо жана алардын ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында көптөгөн иштер жүргүзүлүүдө”,-деди төраганын орун басары.
Ошондой эле жаңы санариптик системалар киргизилген сайын техникалык жабдууларга болгон муктаждык артып жаткандыгын белгиледи.
Азат Алманбетов Салык кызматы бул маселени өз убагында чечүүгө жана керектүү жабдууларды үзгүлтүксүз камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жана учурдагы техникалык жабдуулар санариптик инфраструктуранын талаптарына толук жооп берерин баса белгиледи.
Төраганын орун басары белгилегендей, учурдагы техникалык жабдуулар азыркы учурдагы туруктуу иштөөнү камсыз кыла алат.
Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык жеке жактардын жеке маалыматтарын сактоо боюнча катуу талаптар бар. Салык кызматынын системасы жабык жана коопсуздук талаптарына ылайык иштеп, күн-түн хакердик чабуулдарга каршы көзөмөл жүргүзүп, маалыматтарды коргоо иштерин жогорку деңгээлде камсыздап турат.