Салык кызматы салыктарды ыкчам жана ыңгайлуу төлөө жолдорун сунуштайт

Экономика Загрузка... 28 Июнь 2025 14:00
536071614056098_big_7SWHrwd.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.06.25. /Кабар/. Cалык кызматы салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү боюнча иштерди улантууда.

Ведомствонун маалыматына караганда, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында бүгүнкү күндө салыкты төлөөнүн бир нече ыңгайлуу ыкмалары каралган.

Салыктарды төмөнкү ыкмалар аркылуу төлөөгө болот:

1. салык кызматынын аймактык органдарында;
2. Salyk мобилдик тиркемеси аркылуу;
3. www.cabinet.salyk.kg порталындагы Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу;
4. мобилдик банкингдер аркылуу;
5. коммерциялык банктардын терминалдары, кассалары жана Кыргыз почтасынын бөлүмдөрү аркылуу.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салыктык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга чакырат.