Салык кызматы салык төлөөнүн ылдам жана оңой ыкмаларын айтып берди

Коом Загрузка... 31 Июль 2025 10:00
2755072.89a9d46609f.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы акыркы жылдары ата мекендик коммерциялык банктар жана мобилдик байланыш операторлору менен биргеликте салык милдеттемелерди мобилдик банкинг аркылуу текшерүү жана төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул кызматтар салыкты болгону бир нече жөнөкөй кадамдар менен төлөөгө мүмкүндүк берип, салык төлөө процессин кыйла жөнөкөйлөтөт жана салык органдары менен түз байланыштарды азайтат.

Азыркы учурда өлкөдө салыкты текшерүү жана төлөө кызматтары ишке ашырылган ондон ашык электрондук капчык иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун алкагында cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине салык төлөмдөрүнүн кодун жана QR-коддорду автоматтык түрдө түзүү функциясын ишке киргизген.

Бул функциянын жардамы менен салык төлөөчүлөр төлөмдүн суммасын кол менен эсептебестен же банк реквизиттерин киргизбестен, болгону бир нече баскычтын жардамы менен төлөм кодун автоматтык түрдө түзө алышат.

Салыктарды мобилдик банкинг аркылуу – смартфондун камерасын QR-кодго жакындатып же төлөм кодун кол менен терип төлөм жүргүзүүгө болот. Көпчүлүк учурда мобилдик банкингдерде QR-кодду сканерлөө функциясы башкы бетте жеткиликтүү.

Мисалы, кыймылсыз мүлк салыгын төлөө үчүн салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде түзүлгөн төлөм кодун киргизүү керек. Төлөнө турган сумма автоматтык түрдө көрсөтүлөт, андан кийин төлөмдү ырастоо гана керек.

Ошондой эле мисалы "Элкарт" мобилдик тиркемеси аркылуу салыктык кызматтарды колдонуу тартибин карасак, колдонуучу алгач "Төлөмдөр" бөлүмүнө кирип, андан соң "Мамлекеттик кызматтар" бөлүмчөсүн жана "Салыктар" пунктун тандашы керек. Бул бөлүмдө электрондук патентти, кыймылсыз мүлккө болгон салыкты, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башкаларды кошкондо, салыктардын түрлөрү боюнча классификациясы берилген.

Ушундай эле алгоритм көпчүлүк башка банктардын мобилдик тиркемелеринде да ишке ашырылган. Айрым банктарда, мисалы "Мбанк", "Бакай Банк" жана "О! банк" тиркемелеринде, төлөм коду колдонуучу тарабынан киргизилген маалыматтардын негизинде: салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН), район, аймак, салык түрү жана сумма автоматтык түрдө түзүлөт. Код түзүлгөндөн кийин салык төлөөчү операцияны ырастайт.

Электрондук капчыктарда, мисалы, "Мегапэй" тиркемесинде кызмат "Сервистер" бөлүмү жана "Салык кызматынын сервистери" бөлүмчөсү аркылуу түзүлгөн. Колдонуучу керектүү салыктын түрүн тандап, тиешелүү параметрлерди киргизип, төлөм жүргүзөт.

Тиркемелердин интерфейстериндеги айырмачылыктарга карабастан, төлөм жүргүзүүнүн жалпы принциби бирдей бойдон калат, бул кызматты колдонуучулар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Мындай ыңгайлуу санариптик кызматтардын жардамы менен Кыргызстандагы бардык жарандар үчүн салык төлөө жеңил жана жеткиликтүү болууда.