Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматында ишкердик жүргүзүүдө накталай эмес төлөмдөрдү колдонуу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов, Улуттук банктын, Банктар аралык Процессинг борборунун, Кыргызстан банктарынын бирикмесинин жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматына бизнес-коомчулуктан келип түшкөн ишкердик капчыктарды, POS-терминалдарды, банк эсептери, карталарды жана QR-төлөмдөрдү колдонууга байланышкан көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Тактап айтканда, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуудагы комиссиялар, ишкерлердин эсептерине акча каражаттарынын өз убагында түшпөй калышы, QR-коддор аркылуу каражат түшкөн учурда банктык көчүрмөлөрдө төлөөчү тууралуу маалыматтын көрсөтүлбөшү, ошондой эле айрым банктар тарабынан коюлган ишкерлердин ишмердүүлүгүн татаалдаткан талаптар жана ашыкча жол-жоболор сыяктуу маселелер козголду.
Өз кезегинде Салык кызматынын өкүлдөрү төмөнкүдөй практикалык жана ченемдик чечимдерди сунушташты:
- накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууда ишкерлер үчүн комиссиялык жүктү азайтуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
- акча каражатынын ыкчам тушүүсүн жана алуучу үчүн төлөм жөнүндө маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуучу техникалык чечимдерди иштеп чыгуу;
- кагаз түрүндөгү документтерди талап кылбастан, ишкерлердин каттоодон өткөнүн текшерүү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын колдонуудагы электрондук сервистерин пайдалануу;
- эсептерди ачуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө;
- санариптик экономиканын шартында ишкерлерге жеке жактардын капчыктарын ишкердик үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берген банк мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо.
Белгилей кетсек, санариптик экономиканы өнүктүрүү жана накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу ишкерлер үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратпастан, ыңгайлуу, ыкчам жана ачык-айкын кызматтар менен коштолууга тийиш.
Жолугушуунун жыйынтыгында банк секторунун жана жөнгө салуучу органдардын алдына көтөрүлгөн маселелерди иштеп чыгуу жана жоюу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду. Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү бул маселелерди өз ыйгарым укуктарынын чегинде кароого жана аларды чечүү боюнча аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдиришти.
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо жана санариптештирүүнүн шартында бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча ырааттуу иштерди улантат.