Салык кызматы менен «D Billions» тобу патриоттук мүнөздөгү мультфильм жаратты

Коом Загрузка... 17 Июль 2025 15:15

Бишкек, 17.07.25 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы  "D Billions" белгилүү тобу менен биргеликте балдар жана өспүрүмдөр үчүн мультимедиалык анимациялык тасма даярдады.

Ведомстводон билдиришкендей, тасманын максаты – келечек муунга мекенди сүйүүнү, ар бир жарандын өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымынын маанисин жөнөкөй жана кызыктуу жол менен түшүндүрүү болуп саналат.

Ошондой эле, мультфильм өспүрүмдөрдүн жарандык жоопкерчилигин, коомдук аң-сезимин калыптандырууну, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратмандык, позитивдүү иштерге жигердүү катышууну жана мекенге болгон сүйүүнү арттырууну көздөйт.

Жаркын образдар, жандуу музыка жана эмгекчил каармандардын жөнөкөй иш-аракеттери менен  мамлекеттин гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошууга болорун чагылдырат.