"Манас" университетинде зергерчилик боюнча адистерди окутуу пландалууда

Экономика 31 октябрь 2025 10:31
1.jpg
571762585_1115635407408432_6428171683996204074_n.jpg
574022056_1115635387408434_6531906077924860479_n.jpg
574106623_1115635504075089_3780623944622129544_n.jpg
575149814_1115635507408422_8233420484655264843_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
571762585_1115635407408432_6428171683996204074_n.jpg
574022056_1115635387408434_6531906077924860479_n.jpg
574106623_1115635504075089_3780623944622129544_n.jpg
575149814_1115635507408422_8233420484655264843_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейландын чакыруусу боюнча иш сапары менен Түркиянын Кахраманмараш шаарына барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш сапардын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Түркиянын алдыңкы зергерчилик борборлорунун бири, өзүнүн бай кол өнөрчүлүк салттары, заманбап технологиялары жана зер буюмдарын өндүргөн өнөр жай аянтчалары менен белгилүү Кахраманмараш шаарынын зергерчилик тармагы менен таанышты.

Мындан тышкары, Кахраманмараш зергерлер палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда кызматташуу маселелери, квалификациялуу зергер адистерин даярдоо жана бул тармактагы техникалык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Салык кызматынын төрагасы Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен биргеликте зергерлерди даярдоо боюнча атайын факультетти ачуу пландаштырылып жатканын белгиледи.

Алмамбет Шыкмаматов бул кызматташтык өлкөнүн зергерчилик тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди.

Ал аталган демилге аркылуу жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейерин, зергердик буюмдардын сапаты жогорулай турганын кошумчалады. Аны менен бирге ассортимент көбөйүп, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана экспорттун көлөмү өсөрүн баса белгиледи.

Ошондой эле кыргыз зергерлеринин буюмдарын дүйнөлүк базарга чыгарууга жол ачылып, өлкөнүн жогорку сапаттагы продукция өндүрүүчү катары аброю бекемделерин билдирди.