Салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча алдыңкы беш мекеменин катарына кирди

Коом 23 сентябрь 2025 13:49
552970639_1083646230607350_5663321693280696403_n.jpg
550408323_1083644923940814_8884591525137104718_n.jpg
551011209_1083645637274076_4794072950818509387_n.jpg
551099615_1083644760607497_1017025151114405963_n.jpg
551908341_1083644837274156_2157029966648982931_n.jpg
552653578_1083645080607465_5849642870553466042_n.jpg
Алдыга
Артка
552970639_1083646230607350_5663321693280696403_n.jpg
550408323_1083644923940814_8884591525137104718_n.jpg
551011209_1083645637274076_4794072950818509387_n.jpg
551099615_1083644760607497_1017025151114405963_n.jpg
551908341_1083644837274156_2157029966648982931_n.jpg
552653578_1083645080607465_5849642870553466042_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдонуу боюнча алдыңкы беш органдын катарына кирип, мамлекеттик кызматтардын ичинен биринчи орунду ээледи.

Мындай жыйынтык КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик тилди колдонуунун абалына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча белгиленди.

Бүгүн Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланды.

Анын айтымында, Салык кызматында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамы толук кандуу ишке ашырылууда.

"Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү ишибиздеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары карайбыз. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жогору баалоосу Салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө системалуу мамиленин үлгүсү экендигин тастыктайт", – деди Алмамбет Шыкмаматов.

Мамлекеттик салык кызматы акыркы жылдары мамлекеттик тилди колдонуу боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырып келүүдө.
2018-жылы салык терминдеринин биринчи орусча-кыргызча/кыргызча-орусча сөздүгү жарык көрүп, 2024-жылы экинчи, толукталып басылышы чыгарылган.

Салык төлөөчүлөр үчүн бардык билдирүүлөр жана маалыматтык материалдар эки тилде – мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланат, бул жарандар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Учурда маалыматтык тутумдарды кыргыз тилине которуу иштери активдүү жүрүүдө. Тутумдарды жаңылоо этап-этабы менен жүргүзүлүүдө, бул салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу болгон тилде – кыргыз же орус тилинде санариптик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.