Салык кызматы КРСУ менен адистерди даярдоодо кызматташат

Экономика 13 ноябрь 2025 10:50
2.jpg
1.jpg
579924804_25061619100166987_4703046994096681019_n.jpg
580924517_25061614980167399_8826711171145979406_n.jpg
581558017_25061615786833985_8844810967190686938_n.jpg
581942278_25061615566834007_4198140805251425397_n.jpg
581954061_25061615353500695_8611686594708073360_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
1.jpg
579924804_25061619100166987_4703046994096681019_n.jpg
580924517_25061614980167399_8826711171145979406_n.jpg
581558017_25061615786833985_8844810967190686938_n.jpg
581942278_25061615566834007_4198140805251425397_n.jpg
581954061_25061615353500695_8611686594708073360_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жана Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Ведомстводон маалымдашкандай, документке Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жана КРСУнун ректору Сергей Волков кол коюшту.

Меморандум кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, студенттердин практикалык даярдыгын уюштурууга, салык органдарынын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле илимий жана билим берүү долбоорлорунда өз ара кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.

Кызматташуунун алкагында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, билим берүү программаларын, семинарларды жана конференцияларды өткөрүү, ошондой эле КРСУнун студенттерине Салык кызматынын түзүмдөрүндө тажрыйба өтүү мүмкүнчүлүктөрүн уюштуруу каралган.

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул меморандумга кол коюу илим менен практиканын байланышын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналарын белгиледи.

«Кесипкөй адистерди даярдоо жана салыктык башкаруу тармагына заманбап билимди киргизүү – биздин негизги артыкчылыктарыбыздын бири. Биз студенттер окуп жатканда эле Салык кызматынын ишмердүүлүгүнүн практикалык жактары менен таанышуусун каалайбыз», – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы.

Өз кезегинде КРСУнун ректору Сергей Волков, Салык кызматы менен кызматташуу студенттерге мамлекеттик түзүмдөр менен иштешүүдө баалуу кесиптик көндүмдөрдү жана тажрыйбаны алуу мүмкүнчүлүгүн берерин баса белгиледи.

«Биздин университет ар дайым студенттерге жогорку деңгээлдеги практикалык даярдык берүүгө умтулат. Салык кызматы менен биргелешкен долбоорлор студенттер үчүн кесиптик өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат», – деп билдирди Сергей Волков.

Ал белгилегендей, меморандумга кол коюу КРСУ менен Мамлекеттик салык кызматынын ортосунда билим берүүнү, илимди жана мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн негиз түзөт.

Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча КРСУнун базасында ЕАЭБ алкагында салык салуу чөйрөсүндөгү жаңы багыттар боюнча окутуу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу үчүн билим берүү аянтчасын түзүү мүмкүнчүлүгүн иликтөө боюнча милдеттер коюлду.

Бул аянтчада ченемдик-укуктук базаны жана аны ЕАЭБ субъекттеринин ишинде колдонуу механизмдерин изилдөөнү камтыган даярдоо системасын түзүү пландаштырылды.