Салык кызматы ижарага берилген батирлер тууралуу маалымат берүү боюнча сунуш киргизүүдө

Коом Загрузка... 12 Август 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/.Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

WhatsApp Image 2025-08-12 at 17.54.29 (3).jpeg

Бул өзгөртүү көп батирлүү үйлөрдөгү батирлерди ижарага берүү тартибин жөнгө салууга багытталган.

Мыйзам долбооруна ылайык, турак жай менчик ээлеринин шериктиктери, көп батирлүү үйлөрдө иш жүргүзгөн башкаруучу жана тейлөөчү компаниялар иш жүзүндө ижарага берилип жаткан жайлар жөнүндө маалыматты салык органдарына берүүгө милдеттүү.

Салык кызматынын төрөгасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун айтымында, бул сунуштун максаты – ижарага берүүнү жөнгө салуу жана мүлктү ижарага берген жарандардан салыктык түшүүлөрдүн толуктугун камсыз кылуу.

“Салык кызматына көп батирлүү үйлөрдө жашаган тургундардан даттануулар көп түшөт. Айрыкча, күнүмдүк же айлык ижарага берилген батирлердеги жашоочулар тартип бузуп, кошуналарга ыңгайсыздык жаратып жатышканы айтылат. Ошондой эле бул батирлердин ээлери ижарадан тапкан кирешеден салык төлөбөй жатышканы боюнча да шек бар”,-деди ал.

WhatsApp Image 2025-08-12 at 17.54.29 (1).jpeg

Ысабеков белгилегендей, азыркы учурда Салык кызматы бул багытта иш жүргүзүп жатат. Бирок, мындай учурларды натыйжалуу аныктоо кыйын, себеби даректер боюнча текшерүүлөрдө бир катар тоскоолдуктарга туш болушат. Батирдин ээлери эшикти ачуудан баш тартышат же жашоочуларды туугандары же тааныштары деп, акысыз жашап жатышат деп көрсөтүшөт.

“Ушуга байланыштуу шериктиктерди жана башка башкаруучу уюмдардан маалымат алуу механизмин киргизүү сунушталууда. Ал маалыматтардын негизинде салык органдары текшерүү иштерин жүргүзө алышат. Ижарага берүү жана салык төлөбөгөн фактылар аныкталган учурда мындай жарандарды салык жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт”,-деди ал.

Мунун менен катар Ысабеков документ учурда коомдук талкууда экенин кошумчалады.

“Талкуу учурунда бардык сунуштар эске алынып, документке керектүү өзгөртүүлөр киргизилет. Бул демилге бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган эмес жана салыктык түшүүлөрдүн олуттуу булагы болуп саналбайт. Негизги максат тартипти орнотуу жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу, анын ичинде жарандардын кайрылуулары боюнча иш жүргүзүү болуп саналат. Эгерде коомдук талкуулоонун жүрүшүндө сунуш колдоого алынбаса, Салык кызматы аны мыйзам долбоорунан чыгарууну кароого даяр. Эгерде бул мыйзам кабыл алынса, жарандар үчүн пайдалуу болмок. Анткени, түшкөн бюджеттин кирешеси көбөйбөйт, бирок тартип орнотулат. Конституцияда ар бир жаран киреше тапса, салык төлөөгө милдеттүү экени так жазылган. Салыктын эсебинен жолдор оңдолот, айлык маяналар жогорулайт, ишканалар жана заводдор курулат. Ошондуктан ар бир жаран өз жарандык милдетин аткарышы керек”, - деп кошумчалады ал.