Салык кызматы бизнес менен өнөктөш, сервистик органга айланат – Шыкмаматов

Экономика Загрузка... 03 Июль 2025 16:00
2d9a73e8e7331359bf57490ea5981dfa_XL.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.25./Кабар/. Салык кызматы бизнес менен өнөктөш, сервистик органга айланат. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал жарандардын салыктык сабаттуулугун арттырууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Биз азыркы кетип бараткан темптен жазбай, мониторингди, тартипти, түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз. Бизнес менен болгон өнөктөштүктү бекемдейбиз. Жарандардын салык маданиятын жогорулатуу багытында иштерди күчөтөбүз", - деди Шыкмаматов.

Ошондой эле ал салык боюнча агартуучулук иш-чараларды  орто билим берүү мекемелеринен баштоону, салык боюнча окутууну  программаларга киргизүүнүн актуалдуулугуна токтолду.

"Салыкты мектептен баштап окутуу керек. Салык – бул ар бир адамдын атуулдук милдети, мекенчилдик сезими. Мекенин сүйгөн адам салык төлөшү керек, салыктан качуу бул элине болгон кыянаттык деген  түшүнүктү коомчулукка жеткирүү башкы милдеттерибиздин бири", - деп белгиледи төрага .