Салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет

Экономика Загрузка... 11 Июль 2025 17:52
снр2021.jpg
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек:

  • турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.