Салык кызматы: Алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкалары жогорулады

Экономика Загрузка... 12 Январь 2026 16:16
000021_1513870252_big.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга карата колдонулуп жаткан акциз салыгынын ставкалары жогорулаганын эскертет.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап-этабы менен жогорулатуу каралган.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка карата акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сомду түзөт.