Салык кызматы: 3,3 млн сомдук эсепке алынбаган азык-түлүк аныкталды

Экономика Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 09:50
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө 3,3 млн сомдук эсепке алынбаган азык-түлүк товарларын мыйзамсыз ташып келүү фактысына бөгөт койду.

Ведомстводон билдиришкендей, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда ар кандай азык-түлүк товарлары тиешелүү коштомо товардык документтерсиз ташылып баратканы аныкталган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, эсепке алынбаган товардын жалпы баасы 3,3 млн сомду түзөт.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.