Салык кызматкерлеринин арасындагы 2025-жылкы спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт Загрузка... 05 Май 2025 13:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 05.05.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматкерлери арасындагы 2025-жылкы спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынтыгында Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринен түзүлгөн команда экинчи жыл катары менен биринчи орунду ээледи. Экинчи орун Ош шаарынын салыкчыларынын командасына ыйгарылды, ал эми үчүнчү орунду Ысык-Көл облусунун салык органдарынын командасы алды.

Эскерте кетсек, спартакиада 2-3-май күндөрү Ысык-Көл районунун Бостери айылында өттү. Ага борбордук аппаратты жана бардык аймактык салык органдарын камтыган, 12 курама командадан турган 360тан ашык кызматкер катышты.

Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлдү: жеңил атлетика, волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, үстөл тенниси, аркан тартыш жана бильярд.