Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинде майыптыгы бар жарандар үчүн каралган жеңилдиктер тууралуу айтып берди.
Ага ылайык, майыптыгы бар жарандар үчүн төмөндөгүдөй бир катар жеңилдиктер каралган.
Социалдык жактан корголбогон салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категорияларынын кирешелерине киреше салыгы салынбайт:
- майыптар үчүн техникалык каражаттарга төлөм;
- майыптуулуктун алын алуу жана реабилитациялоо үчүн төлөм;
- майыптар үчүн коштоочу иттерди багууга төлөм;
- кесиптик бирлик органдарынан алынган сумма же мүлк;
1. дайыма багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон баланын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө (Салык кодексинин 191-беренеси);
2. I же II топтогу майыптыгы бар, ошондой эле КР медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан белгиленген угуу боюнча III топтогу майыптыгы бар жалданма жумушчулар үчүн киреше салыгынын төмөндөтүлгөн 5 пайыз өлчөмүндө ставкасы колдонулат (Салык кодексинин 197-беренеси);
3. Кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптыгы бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коомдоруна, уюмдарга жана жеке ишкерлерге төмөнкүдөй жеңилдиктер каралган (Салык кодексинин 239, 364, 409, 411-беренелери):
- көрсөтүлгөн субъекттердин пайдасы салык салуудан бошотулат;
- аталган субъекттер тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыктан бошотулат;
- бул субъекттердин имараттарына мүлк салыгы салынбайт;
- көрсөтүлгөн субъекттердин жер участоктору мүлк салыгынан бошотулат.
Бул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Министрлер кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, адистештирилген товарларды, анын ичинде аларды оңдоону кошуп алгандагы берүү КНСдан бошотулган берүү болуп саналат (Салык кодексинин 268-беренеси);
5. Ошондой эле төмөнкү импорттолуучу товарлар импортко КНС төлөөдөн бошотулат (Салык кодексинин 297-беренеси):
- коммерциялык эмес уюмдар, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси же жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан импорттолуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн адистештирилген товарлар;
- көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк системасы менен жабдылган банктык жабдуулар - 2026-жылдын 1-январына чейин;
6. Майыптын менчигинде турган кол менен башкарылуучу мотоколяскага жана унаага мүлк салыгы салынбайт (Салык кодексинин 409-беренеси);
7. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана майыбынын, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо фронтто болгондугуна байланыштуу оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен майыптын, аскер кызматчыларынын көрсөтүлгөн категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген майыптын, Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын жесиринин, I жана II топтогу майыптын, ошондой эле 2026-жылдын 1-январынан тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин жана камкорчуларынын менчигинде турган бир турак жай, имараты, бир транспорттук каражаты мүлк салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык төлөөдөн бошотулат (Салык кодексинин 409-беренеси);
8. Бала чагынан майыптуулугу барлар, I жана II топтогу майыптар үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат (Салык кодексинин 411-беренеси).