Кыргызстанда майыптыкты аныктоо процесси санариптештирилди

Коом 14 октябрь 2026 11:35
Кыргызстанда майыптыкты аныктоо процесси санариптештирилди
copyright icon WWW

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы эки жылда медициналык-социалдык экспертизадан өтүү процесси толугу менен санариптештирилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова билдирди.

Анын айтымында, майыптыкты аныктоо үчүн медициналык уюмдар жарандардын текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган документтерди эксперттик комиссияларга электрондук форматта жөнөтүшөт.

Майыптыкты тастыктаган маалымкаттар да санариптик форматка өткөрүлүп, мурдагы алты түрүнүн ордуна эки түрү калтырылган. Алар "Түндүк" системасына интеграцияланган.

Мындан тышкары, анатомиялык кемтиктери бар жарандар медициналык-социалдык экспертизадан онлайн форматта өтө алышат.