Майыптыгы бар адамдарды карагандарга төлөм көбөйөт

Коом 8 сентябрь 2026 10:45
Майыптыгы бар адамдарды карагандарга төлөм көбөйөт
copyright icon WWW

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда бир үй-бүлөдөгү майыптыгы бар эки же андан көп адамга кам көргөн жеке ассистенттерге төлөмдүн жаңы тартиби киргизилди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта бир ассистент бир үй-бүлөдөгү эки же андан көп адамды караса, ар бир камкордук көргөн адам үчүн акы толук өлчөмдө төлөнөт.

"Бул тартип туруктуу кароого муктаж болгон майыптыгы бар балдарга жана бала кезинен I топтогу майыптыгы бар 18 жаштан улуу адамдарга тиешелүү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда жеке ассистенттин кызматы үчүн ай сайын 8 миң 697 сом 32 тыйын төлөнөт. Жеке ассистенттин кызматы үй-бүлөнүн кирешесине карабастан дайындалат.