Салттуу жаа атуу боюнча курама Түркиядагы мелдеште байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 01 Июнь 2025 18:40
503096166_18358968772196946_827764734944460130_n.jpg
503167196_18358968781196946_7481267393448492688_n.jpg
Алдыга
Артка
503096166_18358968772196946_827764734944460130_n.jpg
503167196_18358968781196946_7481267393448492688_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын жаа атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү "Fetih Kupası" эл аралык мелдешинде 1 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 25-27-май күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага 40тан ашуун өлкөдөн келген 700дөн ашуун спортчу катышты.

Эркектер арасында Ынтымак Мурадил уулу жекелик мелдеште 1-орунду ээлеп, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Ошондой эле кыз-келиндер арасында Асел Садырова жекелик мелдешинде 2-орунду ээледи.

Эске салсак, "Fetih Kupası" эл аралык мелдеши дүйнө чемпионатынан жогорку деңгээлде турат.