Салттуу оюндар жаңы доордо: Көчмөндөр оюндарына кирген тыйын эңмей жана ордо

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 20 Апрель 2026 18:45
8b7665e4-7879-477f-9c72-a0bf5b8e7d03.width-800.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстан быйыл кезектеги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярданып жатат. Өлкө бул ири эл аралык иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн ар тараптуу даярдыктарды көрүүдө. Ага спорттун 43 түрү боюнча катышуучулар келет деп күтүлүүдө. “Кабар” агенттиги программага кирген салттуу оюндардын бири – тыйын эңмей жана ордо улуттук оюндары менен жакындан тааныштырат.

Учурда көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар уланып, ага катышуучу курама командалар тандалууда.

Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Улукбек Өмүрбеков белгилегендей, программага расмий киргизилген 43 оюндун жарымы кыргыз элинин улуттук оюндарынан турса, калган жарымы башка өлкөлөргө тиешелүү.

“Катышуучу курамалар Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция аркылуу тандалып алынып, бул ишти аткарууда бизге федерциялар жардам берип жатышат. 2025-жылдын аяк жагында кыргыз күрөшү жана алыш боюнча чемпионат өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталган. Ошондой эле быйылкы жылы башка өлкөлөрдөн катыша турган 11 спорттун түрү (тажик, казак, азер күрөш ж.б.) боюнча тандоо жүргүзүлдү. Андан сырткары, салбуурундун мыктылары тандалды. Көк-Бөрү менен ат чабыш боюнча байма-бай мелдештер өтүп жатат”,-деп билдирди директор.

Өмүрбековдун айтымында байыртадан эл арасында ойнолуп келген тыйын эңмей оюну быйыл расмий түрдө аталган масштабдуу иш-чаранын тизмесине кирүүдө.

“Бүгүн, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде оюндун тандоо мелдеши өтүүдө. Көчмөндөргө ал алгач көргөзмө оюн катары кирген. Кийин 2024-жылы өткөрүүчү тарап Казакстан аны расмий түрдө оюндарданы тизмесне кошкон. Ал эми быйылкы жылы биз киргизип жатабыз”,-деп белгиледи ал.

Директор ошондой эле аталган оюндун келип чыгуу тарыхына жана эрежелерине токтолду.

Тыйын эңмей — ата-бабалардан бери келе жаткан улуттук оюндардын бири. Ал тууралуу бир катар тарыхый булактарда айтылып, илгери майрамдарда, салтанаттарда жана аш-тойлордо кеңири ойнолуп келген.

Оюндун келип чыгышы да жоокердик турмуш менен тыгыз байланышкан. Байыркы замандарда салгылаш учурунда жоокерлердин кылычы, жаасы же башындагы туулгасы жерге түшүп калган учурлар болгон. Убакыт тар болгондуктан, алар ат үстүндө чаап бара жатып эле шамдагайлык менен эңкейип, жердеги буюмдарын илип кетүүгө мажбур болушкан.

Дал ушул көндүм кийинчерээк оюнга айланып, тыйын эңмей катары эл арасында кеңири жайылган. 2019-жылы Ат оюндары федерациясы түзүлүп, 2022-жылдан тарта бул оюн улуттук спорттун түрү катары расмий ойноло баштады. Бүгүнкү күндө ал майрамдарда жана ири мелдештерде кеңири өткөрүлүп келет. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстан бул багытта эл аралык федерация түзүп, эки өлкөнүн ортосунда туруктуу мелдештер уюштурулууда. Бул аракеттер да көчмөндөр оюндарына болгон даярдыктын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Ошондой эле муну монгол эли, кытай кыргыздары ойноп, көчмөндөр оюндарына киргенден кийин өзбек эли да кызыгуу менен өздөштүрө баштады.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын ордо оюну боюнча ага машыктыруучусу Жаныбек Айталиевдин айтымында, учурда ордо боюнча жер-жерлерде машыгуулар өтүп жатат. 4-8-майда Ош шаарында республикалык чемпионат өтүп, көчмөндөргө катыша турган курама команда аныкталат.

“Бул оюн көчмөндөр негизделгенден бери катышып келе жатат. Казакстанда өткөн жылдары биздин команда биринчиликти алып келген.

Буга чейин Кыргызстандын “Ордо оюну” спорт федерациясы иш алып барып келген. Андан сырткары, жакында Эл аралык ордо спорт федерациясы түзүлдү. Анын алкагында июль айында Түркияда ордо боюнча “Алтын томпой” оюну өткөрүлөт. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ордо оюнунун негизинен кыргыз эли гана ойноп келген. Анын тарыхы “Манас” эпосуна барып такалат. Кийин ордо оюну жайылтылып, эл аралык деңгээлге чыгарылып баштаганы башкаларга да жайыла баштады. Көчмөндөр оюндарынан кийин казак эли биздин эрежелер менен ойной баштады. Биздин балдардан үйрөнүп, даярдыктарды көрүп кетишкен. Буга чейин Түркиядагы, Тажикстандагы кыргыздарда бар болчу. АКШдагы кыргыздар дагы аны жандантып, федерация түзүп алып, ар кайсы штаттарда чемпионат өткөрүп келишет.

Бул оюнда негизинен кыймыл-аракет көп. Бир жарым саатта канча бир чакырым аралык басат. 12 метрлик айлананын ичинде ары-бери чуркап жатып эле канча бир чакырым басып коёсуң. Ар бир эрежесине жараша атканы мергенчиликке, согуштук тактикаларга, логиканы, жоокерлик сапаттарды өөрчүтөт.

Бул оюнду жаштар дагы ойноп, мектеп окуучулары арасында лига өтүп турат”,-деп белгиледи машыктыруучу.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Иш-чара борбор калаада курулуп жаткан “Бишкек Арена” стадионунда ачылып, негизги бөлүгү Ысык-Көл облусунда уланат. Учурда оюндарды тандоо, катышуучуларды чакыруу, уюштуруу, инфраструктураны жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.