Кыргызстан туризмди өнүктүрүүдө өзүнүн уникалдуу маданий брендине таянып, дүйнөлүк аренада өз ордун бекемдөө аракетинде. Бул багыттагы эң ири долбоорлордун бири — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ал өлкөнү эл аралык деңгээлде таанытууга, туристтерди өлкөгө тартууга жана экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошмокчу. Быйылкы оюндардын ЮНЕСКО тарабынан колдоого алынышы кыргыз мурасынын дүйнөлүк деңгээлде таанылганынын далили болуп саналат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда туризм тармагы экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Анын айтымында, бүгүнкү дүйнөдө ар бир мамлекет өзүн таанытуу үчүн маркетингдик ыкмаларды активдүү колдонууда.

“Кыргызстан өзүбүзгө “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деген жаңы бренд чыгардык. Ушул бренд аркылуу Кыргызстанды дүйнө өлкөлөрү тааный башташат. Көчмөндөр оюндары — көчмөндөр цивилизациясынын борбору, кыргыздар көчмөндөрдүн цивилизациясын сактап калган эл катары дүйнөгө таанылуу менен туристтерди тарта алабыз. Биздин өлкөгө туристтер келгенде аэропорт, такси, ресторан, мейманкана, дүкөн — бардыгы чынжырча менен каражат табышат. Биз иш-чараны өткөрүүгө каражат салганыбыз менен келген туристтерден эл, мамлекет пайда көрөт. Мында сарпталган каражат он эсе акталышы мүмкүн”, — деди Аденов.
Эл аралык масштабдагы долбоор
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу жана дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген ири эл аралык иш-чара болуп саналат. Оюндар 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдө, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөрүлгөн. Ал эми быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун бир нече локациясында уюштурулат. Расмий маалыматка ылайык, 100дөн ашык өлкөгө чакыруу жөнөтүлүп, бүгүнкү күндө 50дөн ашуун өлкө катышарын тастыктаган.

“Быйылкы көчмөндөр оюндарынын спорттук программаларына катышуучу өлкөлөрдүн так саны 1-июлда жарыяланат. Азыркы божомол боюнча 95тен ашуун өлкөнүн спортчулары катышышы мүмкүн. Жакынкы күндөрү оюндардын негизги промо-ролиги жарык көрөт. Ал дүйнөнүн Euronews жана Al Jazeera сыяктуу ири телеканалдарына, медиа платформаларга жөнөтүлөт”, – деди катчылык жетекчиси.
Көчмөндөр оюндарынын туризмге тийгизген таасири
Көчмөндөр оюндары өлкөгө туристтерди массалык түрдө тарткан уникалдуу долбоор катары таанылып келет. Иш-чара негизинен Ысык-Көл облусунда өтүп, келген коноктор кыргыз маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул жерде этнотуризм, спорттук туризм жана экотуризм айкалышат.
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк туристтик картада толук ачыла элек, бирок абдан келечектүү багыт болуп саналат.

“Кыргызстан – туристтик мүмкүнчүлүктөрү толук баалана элек өлкө. Эл аралык басылмалар да муну белгилеп келет. Мисалы, The Guardian Кыргызстанды дүйнөдөгү эң мыкты туристтик багыттардын катарына кошкон. Бизде уникалдуу жаратылыш, тоолор жана изилденип, адамдын буту жете элек аймактар абдан көп”, – деди ал.
Ал туристтерге Ысык-Көл менен гана чектелбестен, Баткендеги Каравшин капчыгайы, Нарындын бийик тоолуу аймактары, Сары-Жаз өрөөнү, Чүйдүн Кара-Балта, Сокулуктагы жапайы жаратылышы жана Таластагы Беш-Таш улуттук паркы сыяктуу аймактарды да сунуштады.

Экономикалык жана инфраструктуралык таасир
Көчмөндөр оюндарынын эң маанилүү натыйжаларынын бири – экономикалык активдүүлүктүн өсүшү:
- туристтердин агымы аркылуу бюджетке кошумча киреше түшөт;
- мейманкана, ресторан жана транспорт тармактары өнүгөт;
- жол, аэропорт жана туристтик объектилер жаңыланат.
Иш-чаралар негизинен Ысык-Көлдө өтүп жаткандыктан, бул аймакта инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Мисалы, “Кыргызавтожол” ишканасы быйыл Кырчын жайлоосуна баруучу 18 чакырым жолду асфальттады.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан бренд
Дүйнөдүк көчмөндөр оюндары жөн гана спорттук мелдеш эмес, бул – кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныткан ири фестиваль жана улуттук бренд.
Адистердин баамында, бул иш-чара аркылуу Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын борбору катары өз ордун бекемдеп келет. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, быйыл оюндар ЮНЕСКОнун колдоосуна ээ болду.
“Бул – дүйнөлүк деңгээлде таанылганыбыздын далили. Бул биз үчүн Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу жана көчмөн цивилизациясынын мурасын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү”, – деди ал.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстан үчүн жөн гана маданий иш-чара эмес, өлкөнүн эл аралык имиджин көтөргөн, туризмди жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык инструмент болуп саналат. Бул уникалдуу ири иш-чара өлкөнү дүйнөгө таанытуу менен туристтердин агымын көбөйтөт, экономиканы жандандырып, инфраструктураны өнүктүрөт.