Кунан чабыш: күлүк ат менен чебер чабандестин таймашы

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 01 Июнь 2026 19:45
WhatsApp Image 2026-06-01 at 15.05.10.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата улуттук спорттун түрлөрү боюнча даярдыктар кызуу жүрүүдө. Оюндардын программасына кирген кунан чабыш боюнча да мыкты тулпарларды тандоо иштери уланууда. Жаш аттардын күлүк сапатын жана чыдамкайлыгын сынаган бул жарыш кыргыздын бай саяпкерчилик салтын чагылдырган улуттук мурастардын бири болуп саналат.

Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт. Иш-чаралар 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусундагы бир катар жайларда өткөрүлөт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, оюндарга катышуу үчүн 100дөн ашык мамлекетке чакыруу жөнөтүлүп, учурда 50дөн ашуун өлкө өз катышуусун ырастаган.

Көчмөн элдердин жашоо-турмушунда жылкы өзгөчө орунду ээлеп келгендиктен, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат спортуна өзгөчө көңүл бурулат. Оюндардын спорттук программасына кирген 43 мелдештин арасында кунан чабыш дагы бар. Бул жаш тулпарлардын күлүк сапатын, чыдамкайлыгын жана даярдык деңгээлин аныктаган улуттук ат чабыш түрү болуп саналат.

Жалпысынан ат чабыш кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен тыгыз байланышкан улуттук спорттун эң байыркы түрлөрүнүн бири. Ал тууралуу маалыматтар "Манас" эпосунда да кездешет. Илгери чабыштар чоң аш-тойлордо жана майрамдарда өткөрүлүп, байгеге мал-жандык, зер буюмдар коюлса, бүгүнкү күндө жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардан тартып унааларга чейин тапшырылып келет. Кунан чабыш да ушул бай тарыхый мурастын бир бөлүгү катары бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпой сакталууда.

1289044197.jpg

Көчмөндөр оюндарына карата мелдештин жогоруда аталган түрү боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу “Кабар” агенттигине Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын ат чабыш оюндары боюнча ага машыктыруучусу Бакай Шүкүров айтып берди.

Анын айтымында, кунан чабыш - эки жаштагы жылкылардын жарышы. Бул салт кылымдардан бери уланып, совет доорунда да, эгемендүүлүк жылдарында да өз маанисин жоготпой келет.

“Жаш кезинде атты жарышка түшүрүүнүн негизги максаты - анын келечектеги күлүк сапатын аныктоо. Кунан чабыш аркылуу жылкынын күлүктүк жөндөмү текшерилип, андан ары кандай болору байкалат”, - деди ал.

Бакай Шүкүров белгилегендей, кунан чабыш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары негизделгенден бери анын программасында орун алып келет. Быйылкы оюндарга катыша турган кунандарды тандоо үчүн өлкө боюнча бир катар мелдештер өткөрүлүүдө.

“9-Май — Жеңиш күнү жана Курман айт майрамдарына арналган жарыштар өттү. Алдыда туристтик сезондун ачылышына жана Ысык-Көл облусунун ат чабыш кубогуна арналган мелдештер бар. Ушул төрт негизги жарыштын жыйынтыгында эң мыкты кунандар тандалып, Көчмөндөр оюндарына жолдомо алышат. Кыргызстан намысын жалпысынан 18 кунан коргойт. Мындан тышкары, башка өлкөлөрдөн да катышуучулар келет”, - деди машыктыруучу.

Анын айтымында, кунандарды көбүнчө 8 жаштан 14 жашка чейинки жеңил салмактагы, атка тың жана аттын мүнөзүн, сырын билген жөндөмдүү балдар чабышат.

“Ат чабыштын бардык түрүндө чабандестин салмагы маанилүү. Ошондуктан атты сезе билген жеңил салмактагы, 35 кг чейинки балдар тандалат”, - деди ал.
Кунандарды жарышка даярдоо этабы да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Жаз мезгилинде эки жаштагы жылкылар 7-11 чакырым аралыкка чейин чабылса, жайында аралык 12-13 чакырымга чейин узартылат. Күзүндө болсо 13-15 чакырымга чейин жетет.
“Жазында жылкы кыштан жаңы чыккандыктан анын организмине ашыкча күч келтирбөө керек. Ошондуктан машыгуулар аралыкты акырындык менен көбөйтүү аркылуу жүргүзүлөт”, - деп түшүндүрдү Шүкүров.

Ага машыктыруучу ат чабыштын башка түрлөрүнө да токтолду. Анын айтымында, кунан чабыш эки жаштагы аттар үчүн уюштурулса, топ байге үч жаштан жогорку күлүктөр арасында өткөрүлөт. Бул жарыштардын аралыгы адатта 14-18 чакырымды түзөт жана кунан чабыш менен аламан байгенин ортосундагы тепкич болуп эсептелет.

Ошондой эле ал жарышка даярдык көрүүдө жоопкерчилик саяпкер менен чабандеске бирдей жүктөлөрүн белгилейт.

Жаш чабандестердин бири, Аргымак федерациясынын чечими менен “Мыкты чабандес” наамына татыган Баяман Аблабеков ат спортуна кичинекей кезинен аралаша баштаган. Атасы саяпкер болгондуктан, ал алты жашынан тарта тай минип, ат таптоонун сырларын үйрөнгөн.

“Үч жылдан бери жарыштарга катышып келем. Өткөн жылы Алай районунда өткөн Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган чабышта Ак байпак аттуу кунан менен байгелүү орунду алгам. Ошондой эле Ош шаарынын мэринин кубогунда Карлыгач жана Ак байпак аттары менен жарышка чыгып, бир күндө эки унаа уткам”, - дейт жаш чабандес.

Анын айтымында, өзгөчө жакшы көргөн аты - төрт жаштагы Хан Теңир.

“Кунандар чоң аттарга караганда курч келет. Алар курч болуп, коркуу азыраак болгондуктан, аларды чабуу ошончолук кооптуурак болот, - деп кошумчалады Баяман.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен негизделген. Алгачкы үч оюн 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдө өткөн. Андан кийин оюндарды өткөрүү эстафетасын Түркия менен Казакстан уланткан. Эми болсо көчмөндөр дүйнөсүнүн эң ири маданий-спорттук иш-чарасы кайрадан Кыргызстанда өтүп, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген катышуучуларды бириктирүүгө камынууда.