Саламаттык сактоо тармагындагы эң чоң көйгөй кадр жетишсиздиги – Эркин Чечейбаев

Ден соолук Загрузка... 13 Июнь 2025 15:33
WhatsApp Image 2025-06-13 at 15.06.12.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев учурда тармактагы эң чоң көйгөй кадр жетишсиздиги экенин "Биринчи радионун" түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, азыр саламаттык сактоо тармагында 30-40 пайыз кадр жетишсиз. Эгер абал ушул калыпта сакталса, алдыдагы 3-4 жылдын ичинде өлкөдө чоң көйгөй болот.

“Акыркы жылдары тилекке каршы врачтарга, медайымдарга, санитарларга жакшы көңүл бурулбай келген. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл дейбизби дегеле бардык облустарда көрүнүш бирдей. Мисалы, Чолпон-Атада 40 пайыз ваканция бар, врачтар жок. Каракол шаарында да ушундай абал, негизи эле облустун борборлорунда дарыгерлер жетишсиз. Иштеген врачтар, медайымдар пенсия курагына аз калган, пенсия курагындагы адистер. Жаш кадрлар саламаттык сактоо системасына иштегенге келбей жатат”,- дейт министр.

Бирок, акыркы жылдары аймактарга жаш кадрларды тартуу боюнча аракеттер жүрүп жатканы менен маселе чечилбей жатканы маалымдалды.

“Адистерге кошумча айлык маяна, кошумча аманат төлөмдөр каралууда. Жетишсиз төрт багыттын адистерине кошумча 20 миң сомдон төлөп берүү акыркы 2-3 жыл мурда киргизилген. Бирок, бул деле жетишсиз болууда. Эгер кескин түрдө медицина кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрбөсөк алдыдагы 5 жылдын ичинде биздин тармакта оор кырдаал жаралат”,- дейт ал.

Ошондой эле министр бизде айлык маяна аз болгондуктан, врачтар Россия, Казакстан, Европа өлкөлөрү сыяктуу башка чет өлкөлөргө кетип жатышкандыгын кошумчалады.