Бишкек, 22.11.2025 /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында жакынкы 5 жылда бир катар ири реформалар жана долбоорлор ишке ашат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Министрдин айтымында, негизги долбоорлордун сап башында “Медициналык шаарча” долбоору турат. Ошондой эле министрликтин алдыдагы максаттарынын бири – саламаттыкты сактоо системасында оорунун алдын алууга багытталган саясатты күчөтүү.
“Буга чейин тармак негизинен дарылоо менен гана алектенип келген. Эми болсо оорунун алдын алуу үчүн ресурстарды бир багытка топтоп, системалуу иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле бүгүнкү күндө республика боюнча коомдук саламаттыкты сактоо боюнча алты ар башка уюм бар. Бирок, райондордо негизинен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл гана иштеп келет. Министрликтин максаты – бул уюмдарды бириктирип, эки негизги түзүмгө айландыруу жана алардын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу”, - деп белгиледи ал.
Министр кошумчалагандай, жакынкы беш жыл ичинде өспүрүмдөр арасында тамеки жана спирт ичимдиктерин колдонуу азаят, тузду ашыкча пайдалануу кыскартылат, калктын өмүрүнүн орточо узактыгын жогорулатууга багытталган саясат ишке ашырылат.