Саламаттык сактоо тармагына 30 млрд сомдон ашык каражат жумшалды

Коом 23 Август 2026 13:19
IMG_1806.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында саламаттык сактоо тармагынын консолидацияланган бюджетинин аткарылышы 30 млрд 395,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында маалымдалды.

Бул каражаттын аткарылышы 60,2 пайызды түзгөн. Жыйында медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, медициналык объектилердин курулушун көзөмөлдөө жана негизги оорулардын алдын алуу боюнча артыкчылыктуу милдеттер белгиленди.

Белгилей кетсек, өлкөдө учурда 40тан ашык медициналык объекттин курулушу жүрүп, аларды ишке ашырууга 2026-жылы 13,2 млрд сом каралган.