Саламаттык сактоо министрлиги эмнеге дарыканаларда спирт жок экенин түшүндүрдү

Ден соолук Загрузка... 24 Сентябрь 2025 18:04
f8m36a1oj4733g65b4x.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов парламент жыйынында эмне үчүн дарыканаларда спирт жок экенин түшүндүрдү.

"Мамлекеттик дарыканаларды бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздап жатабыз. Айрым дарыканаларда спирттин сатылбагандыгынын себеби, рецептин жоктугунда. Азыр спирт рецепт менен гана сатылууда, аны жөн эле алууга эми болбойт. Анткени айрым жарандар спиртти сатып алып, башка максатта колдонгон учурлар бар", - деди министрдин орун басары.