Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстанга гамма-бычак аппараты алып келинди. Бул тууралуу Медицина академиясынын ректору Индира Кудайбергенова билдирди.
Ал бул күндү Кыргызстан үчүн тарыхый окуя деп атап, аппаратты сатып алууга каражат бөлгөнү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
Ректордун айтымында, жаңы жабдуу гамма-бычак менен дарыланууга муктаж бейтаптарга өз өлкөсүндө дарыланууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, гамма-бычак — негизинен мээдеги айрым шишиктерди жана башка патологияларды дарылоодо колдонулган, нурланууну так багыттоочу заманбап технология.