Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги калкка алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарын эске салды.
Министрликтен белгилешкендей, эмдөөлөр календары калктын ден соолугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Балдар жана чоңдор ала турган вакциналардын так мөөнөттөрү жана түрлөрү бар.
Календарда камтылган эмдөөлөр бейтапканаларда жана медициналык мекемелерде акысыз негизде жүргүзүлөт:
- Төрөт үйүндө: В гепатити (ВГВ) жана кургак учукка (БЦЖ) каршы эмдөө;
- 2 ай: ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ), ПКВ (пневмококк), ОПВ (полиомиелит), РВ (ротавирус) вакциналары;
- 3,5 ай: ПЕНТА, ОПВ жана ИПВ (полиомиелит), РВ.
- 5 ай: ПЕНТА, ПКВ, ОПВ, РВ;
- 9 ай: ИПВ;
- 12 ай: КПК (кызамык, тепки, кызылча), ПКВ;
- 2 жаш: АКДС, КПК;
- 6 жаш: АДС (кептөөр, селейме);
- 11 жаш: АДС-М, кыздар үчүн АПВ;
- 16 жаштан баштап 56 жашка чейинки чоң адамдарга кептөөр жана селеймеге каршы ревакцинация (АДС-М) керек, ал акыркы ревакцинациядан кийинки ар бир 10 жыл сайын жүргүзүлөт.