Саламаттык сактоо министри поликлиникалардагы отчеттуулукту азайтууну тапшырды

Ден соолук Загрузка... 17 Апрель 2025 15:55
vrachi-800x445.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев биринчи медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) көрсөтүүчү мекемелердеги ашыкча отчеттуулук жүгүн азайтуу чараларын баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул чечим саламаттык сактоо тармагындагы бюрократияны кыскартууга, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Алдыдагы айларда БМСЖгы отчеттук документацияны кайра карап чыгуу жүргүзүлөт. Анын алкагында:

  • кайталанган жана эскирген формаларды алып салуу;
  • клиникалык же башкаруу чечимдерине таасир этпеген отчетторду жокко чыгаруу;
  • маалыматтарды чогултуу процессин санариптик инструменттер аркылуу оптималдаштыруу пландалууда.

"Биз дарыгерлерди ашыкча кагаз иштеринен бошотуп, алардын көңүлүн бейтаптарга бурууну каалайбыз. Отчеттуулук минималдуу, санариптик жана пайдалуу болушу керек", — деди министр.

Негизги максат — толук санариптик отчеттуулукка өтүү. Анда маалыматтар электрондук медициналык карталардын негизинде автоматтык түрдө түзүлөт. Бул кол менен жүргүзүлүүчү ишти азайтып, маалыматтардын тактыгын арттырат жана саламаттык сактоо тармагында маалыматтарды талдоону жеңилдетет.

Алгачкы жыйынтыктар 2025-жылы күтүлүүдө. Бул чаралар бардык мамлекеттик БМСЖ уюмдарын камтыйт.