Ак-Ордо конушунда жаңы диализ борбору ачылды

Ден соолук 23 сентябрь 2026 21:30
1790166771.jpg
1790166729.jpeg
1790166722.jpeg
1790166709.jpeg
1790166703.jpeg
1790166697.jpeg
1790166816_large.jpeg
Алдыга
Артка
1790166771.jpg
1790166729.jpeg
1790166722.jpeg
1790166709.jpeg
1790166703.jpeg
1790166697.jpeg
1790166816_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы Diaverum диализ борборунун расмий ачылыш аземи  өттү.

Мэриядан билдиришкендей, борбор бөйрөк оорулары менен жабыркаган жана үзгүлтүксүз гемодиализ процедурасына муктаж бейтаптарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүгө арналган.

Мамлекеттик заказдын алкагында белгиленген талаптарга жооп берген бейтаптар үчүн диализ кызматтары акысыз көрсөтүлөт.

Долбоор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сектору, швециялык Diaverum медициналык компаниясы жана Бириккен Араб Эмираттарынан келген M42 инвестициялык компаниясынын биргелешкен инвестициялык демилгесинин алкагында ишке ашырылды.

Жаңы борбордун ачылышы Ак-Ордо, Ак-Өргө, Ала-Тоо жана ЖЭБ-2 конуштарынын тургундары үчүн зарыл болгон медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Эми аталган аймактарда жашаган бейтаптар керектүү дарылануудан өтүү үчүн Бишкектин борбордук бөлүгүнө үзгүлтүксүз каттап барууга муктаж болбойт.

Борбор заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, ишин 15 диализдик орун менен баштады. Келечекте борбордун кубаттуулугун 20 орунга чейин көбөйтүү каралган.

Конуштардагы медициналык инфраструктураны өнүктүрүү адистештирилген медициналык жардамды калк үчүн дагы да жеткиликтүү кылууга жана зарыл болгон дарыланууну жашаган жерине жакын алууга шарт түзөт.