Саламаттык сактоо министри ДССУнун башкы директору менен жолукту

Коом Загрузка... 21 Июль 2026 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында өттү.

Министр ДССУга Кыргызстанга көп жылдардан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал өз ара кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, алардын катарында жол-транспорт кырсыктарынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүү, саламаттык сактоо тутумунун туруктуулугун чыңдоо, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү, ошондой эле балдар онкологиясы кызматын өркүндөтүү маселелерин атады.

Министр өзгөчө көңүлдү Кыргызстандын адистештирилген медициналык мекемесин ДССУнун Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык платформасына киргизүү маселесине буруп, ошондой эле телемедицинаны ишке киргизүүнү камтыган саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

ДССУнун башкы директору уюм Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумун чыңдоого, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Балдар онкологиясы боюнча доктор Тедрос Кыргызстандын ДССУнун Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык платформасына кошулуу демилгесин колдой турганын билдирип, бул багытта зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ал эми санариптик саламаттык сактоо жаатында министрлик мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ДССУнун тиешелүү координатору менен байланыштырыла турганын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Дамир Осмонов ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесусту өлкөдө саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар менен жеринен таанышуу максатында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.