Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. 26-декабрда саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүүнүн туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча “Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын айтып, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигине токтолду.
“Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз”, — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.