Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлдү.
"Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук система аркылуу маалымат алмашуу боюнча келишим түзгөн. Бул маалымат алмашууну тездетүүгө жана иш кагаздарын кыскартууга шарт түзгөн.
Ошондой эле сот тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылган адамдардын тиешелүү кызматтарга дайындалышына жол бербөө үчүн реестр түзүү жана мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу механизмдерин өркүндөтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Пробация сот тарабынан белгиленген милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөөнү, адамды кайра социалдаштырууну жана жаңы укук бузуулардын алдын алууну камтыйт.
Белгилей кетсек, тогуз айда прокуратура органдары пробация органдарында мыйзамдардын аткарылышы боюнча 79 текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, 15 сунуш киргизилген жана алты кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.