Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында мал уурулуктун алдын алуу жана мындай кылмыштардын бетин ачууга багытталган "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында мал базарлар, касапканалар, эт саткан жана сатып алган жайлар текшерилип, мал ташыган негизги жолдордо блокпосттор уюштурулду.
Ошондой эле ири соода-базар комплекстеринде рейддер жүргүзүлүп, транспорт каражаттары текшерилди.
Иш-чаралар Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы менен биргеликте өткөрүлдү.