Саламаттык сактоо министри Баткендеги ооруканалардын абалы менен таанышты

Аймак 02 Июнь 2026 18:10
1.jpg
3a6a4e73-f4cd-4e3e-9cc9-d6607b9521da.jpg
6bb04bb8-4568-4516-a108-2a19af074462.jpg
26e32e0a-75bb-41ae-aa9b-2deec83324e0.jpg
66f09e19-a879-45e2-ad28-50701e774ca3.jpg
069de9a2-5b60-445e-9b10-20c0acfbf7fc.jpg
147c5ab6-34e6-4cfe-a098-3f735df0db75.jpg
846c4d86-02a3-411b-86e5-4512130e7927.jpg
8662bd51-9032-4074-a698-77c754c96810.jpg
9813b833-7bd3-4b4e-bb78-8fc77c58c64f.jpg
33224cd8-d0c6-4ad9-8b3a-cfe17e01674e.jpg
372447dd-32ce-4d87-94e9-2deecbb0caa5.jpg
1322439d-c648-44cb-a36e-5a3a0f316204.jpg
b1cd1f7f-76b5-4f79-805f-87b35520f48f.jpg
ce859da3-3912-42e8-8522-b636a0d44758.jpg
f00c22ee-355b-4f95-b94c-e8dd890b6d64.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы медициналык мекемелердин абалы жана жаңы курула турган объекттердин долбоорлору менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, алгач министр Кадамжай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды. Анда учурдагы 25 орундуу төрөт бөлүмү тардык кылгандыктан, анын ордуна 90 орундуу жаңы перинаталдык борбор, ошондой эле жаңы тамак-аш блогун жана өлүккана (морг) имаратын куруу зарылдыгы белгиленди.

Андан кийин Баткен районунда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИСтин долбоорунун алкагында курула турган Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жаңы үч кабаттуу лабораториялык корпусунун эскизи менен таанышты.

Ошондой эле Осмонов Лейлек районунда чек арага жакын жайгашкан Кулунду айылындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун абалын көрдү. Бул имарат 1964-жылы курулуп, азыр авариялык абалга келген. Учурда борбор убактылуу башка имаратта иштеп, 65 миңден ашуун тургунга кызмат көрсөтүүдө. Министр аталган айылдагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун да иши менен таанышты.

Сапардын жыйынтыгында Осмонов Баткендеги медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери жергиликтүү бийлик менен биргеликте деталдуу түрдө иштелип чыгарын убада кылды.