Эркин Чечейбаев "Ак-Суу" реабилитациялык бөлүмүнүн иши менен таанышты

Аймак Жүктөлүүдө... 19 Май 2025 15:16
499516571_719211090506262_8100499848779576972_n.jpg
499074106_719210870506284_2124261381107053535_n.jpg
499271963_719211110506260_2575974377431113503_n.jpg
499403277_719210987172939_7758925297738472043_n.jpg
499576284_719210963839608_6707600299484982495_n.jpg
499588182_719211033839601_8118215634150725172_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына караштуу "Ак-Суу" реабилитациялык бөлүмүнө барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр мекеменин учурдагы абалы жана бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Бүгүнкү күндө бөлүм 100 орунга ылайыкталып, оор илдеттерден жана хирургиялык операциялардан кийин калыбына келүү этабынан өтүп жаткан бейтаптарга жардам көрсөтөт. Мекеменин негизги корпусу 1987-жылы курулуп, 2012-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Ошол эле учурда эки кошумча имарат авариялык абалда болуп, эксплуатацияга жараксыз деп табылган — аларды бузуу пландалууда.

Министрдин сапарынын жүрүшүндө оорукана жетекчилиги менен бөлүмдүн өнүгүү келечеги жана аймактын учурдагы муктаждыктарын эске алуу менен инфраструктураны жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.