Бишкек, 15.07.25./Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 15-16-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.