Сак болуңуз! Жакынкы сааттарда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 23 июль 2026 14:30
Сак болуңуз! Жакынкы сааттарда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Чүй жана Бишкекте катуу шамал болушу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, түштүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандардан сак болууну өтүнөт.