Сак болуңуз! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 7 июль 2025 13:00
Сак болуңуз! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 8-июлдан 11-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

"Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп белгилешти Кыргызгидрометтен.