Сак болуңуз! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 23 май 2025 09:40
Сак болуңуз! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 23-27-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.