Сак болуңуз! Кар көчкү түшүшү мүмкүн

Аймак Загрузка... 21 Январь 2026 16:06
WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.20.52.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. 21-январдан 24-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алсак,

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу,
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында Көк-Арт ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.