Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал

Коом 25 июнь 2025 16:21
Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.