Сак болуңуз! Алдамчылар Адылбек Касымалиевдин атын пайдаланууда

Коом 5 сентябрь 2025 12:25
shjo6t1rltrrkcp33zoxjfvmn9wupm5b.jpg
543118744_24426023330384778_8318368797410881637_n.jpg
Алдыга
Артка
shjo6t1rltrrkcp33zoxjfvmn9wupm5b.jpg
543118744_24426023330384778_8318368797410881637_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Алдамчылар министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атын пайдаланып, билдирүү жөнөтүп жаткан учурлар катталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү интернет желесиндеги алдамчылар министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан 3-4 кызматкерге вотсап аркылуу билдирүү жазган. Демек, башка жарандарга дагы жазган учурлар болушу мүмкүн.

Мындан улам Дайырбек Орунбеков жарандарды алдамчылардан сак болууну эскертти.

"Буга чейин жогорку кызмат өкүлдөрүнүн атынан СМС билдирүү жиберген алдамчылардын аракеттери бөгөттөлгөн.

Мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө, маалыматты тактап, тийешелүү органдарга кайрылууну сунуш кылабыз. Интернет алдамчылары бар экенин, алардын айла-амалдары тууралуу жакындарыңыздарга дагы айта жүрүңүздөр, сак болуңуздар. Мындай алдамчылардын аракеттери боюнча тийешелүү органдар иш жүргүзүп жатат, алар мыйзам чегинде жазаларын алышат", - деди ал.