Саида Мирзиёева Өзбекстандын президентинин администрациясын жетектемей болду

Борбор Азия Загрузка... 24 Июнь 2025 11:27
WhatsApp Image 2025-06-24 at 08.10.29.jpeg
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 24.06.25. /Кабар/. Өзбекстан президентинин жарлыгы менен президенттик администрациянын башчысы деген жаңы кызмат түзүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов кабарлады.

Бул кызматка Саида Шавкатовна Мирзиёева дайындалды.

2023-жылдын август айынан бери Саида Мирзиёева президенттин жардамчысы болуп иштеп келген. Ага чейин, 2022-жылдын ноябрынан тарта ал президенттик администрациянын аткаруу аппаратындагы маалымат жана байланыш саясаты боюнча секторду жетектеген. 2019-2020-жылдары ал президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген.

2023-жылдын августунда президент Шавкат Мирзиёев президенттик администрациянын жаңы түзүмүн бекиткен. Ошондо администрация башчысынын кызматы жоюлуп, эки жаңы жардамчынын орду түзүлгөн.

Саида Мирзиёева — Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин бүтүрүүчүсү, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин жана Москва мамлекеттик университетинин магистратурасын бүтүргөн. Экономика илимдеринин кандидаты.

2022–2023-жылдары президенттик администрацияны Сардор Умурзаков жетектеген. Азыр ал президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча кеңешчиси болуп иштөөдө.