Ташкент, 21.08.25. /Кабар/. "Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуусу жана ачык, ишенимдүү маанайда өткөн мазмундуу жолугушуу үчүн ыраазычылыгымды билдирем", — деп жазды Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева социалдык тармактагы баракчасына.
Анын айтымында, жолугушууда эки элди өз ара ишеним менен урматтоого негизделген өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө болгон жалпы умтулуу бириктирип турганы белгиленди. Ошондой эле Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанды эң жакын коңшу жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш катары баалап, эки тараптуу алакаларды чыңдоого өзгөчө маани берип келе жатканы баса белгиленди.
Мирзиёева чек ара маселелери боюнча ийгиликтүү макулдашууларды, улуттук ID-документтерди өз ара таанууну, биргелешкен ишканалардын ачылышын, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорду бул мамилелердин жемиши катары атады.
Жолугушууда мындан тышкары өлкөлөрдө өткөрүлүп жаткан "Заковат" интеллектуалдык оюнунун турнирлери тууралуу да сөз болуп, ал жаштардын достук алакасын чыңдап жаткан ийгиликтүү долбоор экени белгиленди.
"Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда кылымдар бою калыптанган бир туугандык жана жакын коңшулук мамилелер бар. Биз аларды баалайбыз жана мындан ары да бекемдей беребиз", — деп жазды Саида Мирзиёева.