Саида Мирзиёева Бишкектеги аялдар форумун жогору баалады

Борбор Азия 1684 22 Август 2025 10:40
a_22...jpg
a_22_0.jpg
a_22_.jpg
a_22_1.jpg
a_22.jpg
Алдыга
Артка
a_22...jpg
a_22_0.jpg
a_22_.jpg
a_22_1.jpg
a_22.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 22.08.25. /Кабар/. Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева Бишкекте өткөн "Аял — дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер" аттуу эл аралык форумга өзгөчө баа берип, социалдык тармактагы баракчасына ой-пикирин жазды.

Анын белгилешинче, форум жашоосун өзгөртүп, үй-бүлөдө, жумушта жана коомдо өз ордун тапкан максаттуу, күчтүү жана ишенимдүү айымдарды бириктирди.

"Бизге керек болгон нерсе — тең мүмкүнчүлүктөр, мамлекет менен коомдун колдоосу жана өзүнө болгон ишеним", — деп жазды Мирзиёева.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандан келген спикерлер аялдардын өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүндөгү салымын, кайратын жана укуктар үчүн күрөшүн чагылдырды. Алардын баары ийгиликке жетүүнүн жолдорун жана кыйынчылыктан коркпой алдыга жылууну көрсөтүштү.

Сөзүнүн соңунда Саида Мирзиёева "Бизге сөзсүз биригүү керек!" деген ураанды көтөрүп чыгып, иш-чаранын башкы маңызын баса белгиледи.