Саида Елеманова: “Рух Санат” фестивалы — чыныгы керемет, кайталангыс жана уникалдуу окуя

Маданият Загрузка... 01 Август 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-08-01 at 15.45.59.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 01.08.25. /Кабар/. Кыргыз жергесинде өтүп жаткан “Рух Санат” фестивалы — чыныгы керемет, кайталангыс жана уникалдуу окуя. Мындай пикирин Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясынын профессору Саида Елеманова бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалында билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаранын Кыргызстан үчүн мааниси абдан чоң. Ушундай масштабдуу эл аралык фестивалдын дал кыргыз жергесинде өтүп жатканы дүйнө жүзүн таң калтырбай койбойт.

“Бүгүнкү күндө салттуу музыкага болгон көңүл дүйнө жүзүндө барган сайын азайып бараткан чакта, Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан “Рух Санат” фестивалы — чыныгы керемет, кайталангыс жана уникалдуу окуя.

Бул фестивалдын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон инсан — Роза Аманова экенин өзгөчө белгилеп кетүү керек. Кыргыз элинин таланттуу кызы 20 жылдан бери талыкпастан эмгектенип, бүгүнкү күндө мына ушул чоң жетишкендикке жетип отурат. Анын эмгеги фестивалдын деңгээлин, мазмунун жана рухун көтөрүүгө чоң салым кошту”,-деди ал.