Сагынбаев Эмгек министрлигин жетектесе кандай иштерди аткара турганын айтты

Коом Загрузка... 02 Сентябрь 2025 11:45
mobile-4515168_1920.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon www

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматына Канат Сагынбаевдин талапкерлигин кароодо.

Сагынбаевдин айтымында, санариптештирүү анын Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп тургандагы негизги багыттарынын бири болот.

"Мен башкармалык көрсөткөн кызматтарды санариптештирүү маселесине өзгөчө көңүл бурам жана кесиптештеримден тез арада бардык кызматтарды санариптештирүүнү талап кылам. Калктын ведомствонун кызматтарынан пайдалануусу оңой болушу керек", — деди министрдин милдетин аткаруучу.